Back
Explore every episode of the podcast Соңку жаңылыктар
Dive into the complete episode list for Соңку жаңылыктар. Each episode is cataloged with detailed descriptions, making it easy to find and explore specific topics. Keep track of all episodes from your favorite podcast and never miss a moment of insightful content.
| Title | Pub. Date | Duration | |
|---|---|---|---|
| Жаңылыктар | 18.04.2025 | Украинанын келечеги: Киевдеги кыргыздар эмне дейт? | 18 Apr 2025 | 00:19:58 | |
Украинанын Харьков шаарында ракеталык соккудан бир адам набыт болду, 70тен көп киши жабыркады. АКШ Украина менен Орусия маселесинде чыдамы түгөнүн баратканын ишарат кылды.
Согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөрдө эмнелер эске алынышы керек? Карапайым украиналыктардын пикири кандай? Киевдеги кыргызстандык менен маектешебиз.
Кыргыз бийлиги "жергиликтүү "Капитал банк" орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөштү" деген маалыматты четке какты. Эмне себептен санкциялар маселесинде Кыргызстандагы банктардын аты аталууда?
| |||
| Жаңылыктар | 17.04.2025 | Кой-Таш иши: Атамбаев акталабы же камалабы? | 17 Apr 2025 | 00:22:56 | |
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон "Кой-Таш ишинде" айрым айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү.
Украинанын Днепр шаарында орус армиясынын чабуулу үч адамдын өмүрүн алды. Орусиянын ТИМи Москвада кыргыз жарандары сабалган окуя боюнча өз түшүндүрмөсүн жарыялады.
| |||
| Жаңылыктар | 16.04.2025 | Ош: Үй бузуу маалында 11 жаштагы кыз жаракат алды | 16 Apr 2025 | 00:25:03 | |
"Орусия менен Казакстандын эки ача пикири." Орус башкы дипломаты казак президентинин "аймактык бүтүндүк" тууралуу дээрлик үч жыл мурдагы сөзүнө комментарий берди. Казакстанда кайрадан талкуу жаралды.
"Табышмактуу каттан кийинки кармоо." Бишкекте эки күн мурда кармалган укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралууда.
Ош шаарында мэриянын кызматкерлери жолго чыгып кеткен үйлөрдү бузуп жатканда 11 жаштагы кыз жаракат алды.
| |||
| Жаңылыктар | 15.04.2025 | Карасартова камалды, Күрөңов дайынсыз | 15 Apr 2025 | 00:29:27 | |
Укук коргоочу Рита Карасартова кайрадан кармалып, 48 саатка камалды. Мунун алдында Карасартова Фейсбуктагы баракчасына соңку күндөрү дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна таандык деген катты жарыялаган эле.
Орусиянын Курск аймагы жапырт дрон чабуулуна кабылды. Ага жанаша жайгашкан Украинанын Сумы облусу да кандуу соккуларга туш болууда.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев башкы фигурант болгон Кой-Таш иши боюнча сотто жакын арада өкүм чыгары күтүлүүдө. Прокурор Атамбаев баштаган бир нече адамды 10-11 жылга эркинен ажыратууну сурады.
| |||
| Жаңылыктар | 14.04.2025 | Москвада мигранттардын сабалышын депутаттар "зөөкүрдүк" деп аташты | 14 Apr 2025 | 00:28:03 | |
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Москвада мончодо болгон окуя боюнча нота тапшырды. Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын аёосуз сабалышын депутаттар да айыптап, “зөөкүрдүк” катары сыпаттап жатышат. Орусиянын армиясы Украинанын Сумы облусуна жасаган кол салуусунан набыт болгондордун саны 35ке жетти. Бул жыл башынан берки эң кандуу чабуул болуп калды.
Кыргызстандын Конституциялык соту 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн карап, "мурдагы президентке чыккан сот өкүмү кайра каралууга жатат" деген чечим чыгарды. Бул коомчулукта талкуу жаратты. | |||
| Жаңылыктар | 11.04.2025 | Якутияда автокырсыктан беш мигрант каза болду | 11 Apr 2025 | 00:20:29 | |
Якутиянын Алдан шаарында жол кырсыгынан Кыргызстандын бир, Тажикстандын төрт жана каза тапты. Мигранттар бараткан Toyota Prius машинеси КАМАЗ жүк ташуучу автоунаасы менен сүзүшкөн. АКШ менен Орусия туткун айырбаштап, Украинадагы кайрымдуулук уюмуна 51 доллар которгону үчүн Орусияда эркинен ажыратылган Ксения Карелина Америкага жеткирилди. Адамдарды үйлүү кылам деген “Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу кармалды. Ал 600дөн ашык кишиден 150 миллионго жакын акча алганын жана кайра кайтарып бере албай турганын айтты. | |||
| Жаңылыктар | 10.04.2025 | Орусияда тил билбеген балдар мектепте алынбайт | 10 Apr 2025 | 00:21:42 | |
Жогорку Кеңеш “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бир күн өтүп-өтпөй эле парламент жалган маалымат тараткандарга айып пул салган долбоорду кабыл алды. Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Алардын кеминде 38и каза болгон. Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам күчүнө кирди. Бул өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардын балдары башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтүшү керек. | |||
| Жаңылыктар | 09.04.2025 | Украинадагы согушка кытайлыктар да катышып жатабы? | 09 Apr 2025 | 00:21:53 | |
Президент Садыр Жапаров ушул тапта абактарда жазасын өтөп жаткан 41 кишиге ырайым берди. Алардын арасында акын, журналист Азамат Ишенбеков жана активист Зарина Төрөкулова да бар.
Владимир Зеленский орус тарапта согушуп жүргөн кытайлык аскерлер туткунга түшкөнүн маалымдады. Расмий Бээжин бул кабарларды текшерип жатканын билдирди.
Кыргызстанда сот тергөө органдары берген өтүнүчтөрү колдоп, шектүүлөрдүн дээрлик 90% камакка алат. Акыйкатчы буга байланыштуу укук коргоо органдарын Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин так сактоого чакырды. | |||
| Жаңылыктар | 08.04.2025 | Умрага барган өзбекстандык зыяратчылар ара жолдо калды | 08 Apr 2025 | 00:20:53 | |
Жогорку Кеңеште эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча маселе көтөрүлдү. АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга кошумча дагы тариф киргизерин билдирди. Муфтият никаб, паранжа динде парз эмес экенин белгилеп, ал кыргыз коомуна жат көрүнүш экенин билдирди. | |||
| Жаңылыктар | 07.04.2025 | Депутаттар машинеге муктажбы? | 07 Apr 2025 | 00:20:53 | |
Кыргызстанда 90го жакын адамдын өмүрү кыйылып, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуясына туура 15 жыл болду. Акыркы жылдары ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү тууралуу сөздөр көп айтыла баштады. Украинанын Кривой Рог шаарына жасалган чабуулдан набыт болгондор 20га, жаракат алгандар 75ке жетти. Украин президенти Владимир Зеленский Москванын согушту токтотууга ниети жок экенин айтты.
Президент Садыр Жапаров коомчулуктун нааразылыгын жараткан Жер кодексинин жаңы вариантын жеке менчикке залакасын тийгизет деген негиз менен артка кайтарды. | |||
| Азаттык: Кечки радио эфир | 06.04.2025 | Баткенде аскер кызматкери шеригин атып алды | 06 Apr 2025 | 00:30:01 | |
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы бир аскер кызматкери жанындагы шеригин атып алган окуяны териштирип жатат. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башкы тарбия иштери башкармалыгы ок 5-апрелде Түштүк-батыш оперативдик командачылыгынын аскер бөлүгүндө атылганын билдирди.
| |||
| Кечки радио эфир | 05.04.2025| Орус күчтөрүнүн Кривой Рогго соккусунан кеминде 19 киши каза болду | 05 Apr 2025 | 00:30:00 | |
Орусиялык аскерлер Украинанын Кривой Рог шаарынын кичи райондорунун бирине 4-апрелдин кечинде баллистикалык ракета менен, андан кийин согуштук дрондор менен сокку урду. Шаар жайгашкан Днепропетровск облусунун аскердик администрациясы билдиргендей, кеминде 18 киши каза болду, алардын 9у балдар. Жараат алгандар 61 киши. Дрон соккусунан дагы бир киши набыт кетти.
| |||
| Кечки радио эфир | 04.04.2025 | "Жалаң байлар келет". Парламенттик шайлоо мыйзамы талкууда | 04 Apr 2025 | 00:30:00 | |
Өзбекстандын Самарканд шаарында алгачкы Евробиримдик-Борбор Азия тарыхый саммити өттү. Еврошаркет бул аймакка 12 миллиард евролук инвестиция карай турганын жар салды.
Жалал-Абад облусунун аймагында милиция жана дин ишмерлери жаңы кабыл алынган “Дин мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандык таксист Эрнис Бердиев Москвада жүргүнчүлөрдүн зомбулуган кабылганын «Мигрант Медиа» долбооруна айтып берди. | |||
| Кечки радио эфир | 03.04.2025 | Мамыркулованын абактан жазган каты, депутаттардын талкууга түшкөн кызматтык унаасы | 03 Apr 2025 | 00:30:00 | |
Журналист Мамыркулова абактан кат жазып, коюлган айыптарды четке какты. Жогорку Кеңеш депутаттарга алына турган кызматтык машинелер боюнча түшүндүрмө берди. | |||
| Кечки радио эфир | 02.04.2025 | Миллиардер Машкевичтин Кыргызстандагы изи, "евразиялык үчилтик" | 02 Apr 2025 | 00:30:00 | |
Негизги байлыгын Казакстанда жыйнаган, тунгуч президент Нурсултан Назарбаевдин жакын адамдарынын бири болгону айтылган теги кыргызстандык миллиардер Александр Машкевич деген ким? Олигарх Машкевич 22-мартта узакка созулган оорудан улам 72 жаш курагында дүйнө салды. | |||
| Кечки радио эфир | 01.04.2025 | Акыйкатчы: 2024-жылы 353 өспүрүм кыз көз жарган | 01 Apr 2025 | 00:30:00 | |
Акыйкатчы институту курагы 18ге чыга элек кыздардын турмушка чыккан же ошого мажбурлаган учурлары көп кездешип жатканына тынчсыздануусун билдирди. Кыргызстанда 2024-жылы 13 жаштан 17 жашка чейинки 353 өспүрүм кыз көз жарган. Өлкө мыйзамдарына ылайык, эрте куракта никеге турууга мажбурлоо, аны каттоо же ага колдоо көрсөтүү кылмыш деп эсептелет. Башкы прокуратура өткөн жылы 29 кылмыш ишин козгогон. Саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер Кыргызстан өспүрүм курактагы кыздардын төрөт учурундагы өлүмү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турарын айтууда. | |||
| Кечки радио эфир | 31.03.2025 | Кыргыз-тажик президенттери чек арага байланыштуу протоколго кол коюшту | 31 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту.
Кыргызстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бул документ эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдеп, чек араны толук демаркациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзө турганын билдирди. | |||
| Азаттык: Кечки радио эфир | 30.03.2025 | Орусия: Элчи кыргыз балдарын орус тилинен тест берүүдөн бошотууну сунуштады | 30 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 28-мартта Москвада Мамлекеттик Думанын депутаты, Агартуу иштери комитетинин төрагасынын орун басары Алена Аршинова менен жолукту.
Анда эки өлкөнүн өз ара алака-катышына байланыштуу маселелер талкууланды. | |||
| Кечки радио эфир | 29.03.2025 | Мьянмада зилзаладан каза болгондор миңден ашты | 29 Mar 2025 | 00:30:01 | |
Мьянманын бийлиги 28-марттагы магнитудасы 7,7ге жана 6,4кө жеткен катуу жер титирөөдөн набыт болгондордун саны кеминде 1002 кишиге жеткенин, 2376 киши жабыркаганын билдирди. Бул тууралуу 29-мартта Би-Би-Си AFP маалымат агенттигине таянып жазып, куткаруу иштери уланып жатканын белгиледи.
AFP агенттиги каза болгондор жана жабыр тарткандар тууралуу Мьянмадагы аскердик өкмөткө таянып жазды. Куткаруучулар табигый кырсыктын курмандыктарынын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин белгилөөдө. | |||
| Кечки радио эфир | 28.03.2025 | Таласта жер титирөөдөн 17 үйдүн дубалдарынан майда жарака кетти | 28 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 28-мартта болгон жер титирөөдөн Талас районунун Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылында 17 турак жайдын дубалдарынан майда жарака кеткенин билдирди.
Маалыматка караганда, алардын ичинен 11 үй камсыздандырылса, алты турак жай камсыздандырылган эмес. Авариялык абалдагы турак жайлар жок. Ушул тапта тактоо иштери уланып жатат. | |||
| Азаттык: Кечки радио эфир | 27.03.2025 | "Жылына 20% кошулат". Энергетикадагы тариф кандай өзгөрөт? | 27 Mar 2025 | 00:30:01 | |
Энергетика министрлиги 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы өсө турганын билдирди.
Министрлер кабинети 2030-жылга чейинки программанын алкагында тарифти жыл сайын 20% көтөрүп туруу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. | |||
| Кечки радио эфир | 26.03.2025 | Армениянын ЕБге кошулуу жараяны тууралуу мыйзам кабыл алынды | 26 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Шаршембиде армян парламенти “Армения Республикасынын Еврошаркетке мүчө болуу жараянын баштоо жөнүндө” мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. Ага 64 депутат макул, жетөө каршы добуш берди. Добуш берүүгө өлкөнүн мурдагы президенти Роберт Кочарян башында турган “Армения” оппозициялык альянсынын депутаттары катышкан жок. | |||
| Кечки радио эфир | 25.03.2025 | Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибинде | 25 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Мурдагы президент Курманбек Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, талаш-талкууга кабылды. Буга Президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун Фейсбуктагы билдирүүсү себеп болду. Ал Бакиевдин уулу Максимге жана анын өнөктөштөрүнө таандык "Элкат" компаниясы мамлекетке өткөнүн, эгер мурдагы президент Кыргызстанга келсе ушул өңдүү бир катар кылмыш иштеринин ачылышына өбөлгө болмоктугун белгиледи. Президент Садыр Жапаров буга чейин Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын, Беларус бийлиги эгер ал камалбаса өткөрүлүп берилерин билдирген.
| |||
| Кечки радио эфир | 24.03.2025 | Жол эрежесин билбегендер айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайбы? | 24 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ушул жылдын 1-сентябрынан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроолорго жооп берүүгө милдеттүү болот. Жол эрежелерин билбесе, айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мамлекеттик мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт). Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 24-мартта Фейсбуктагы баракчасына жазды. | |||
| Кечки радио эфир | 23.03.2025 | Стамбулдун мэри камалды, аны колдогон митингде 300дөн ашуун киши кармалды | 23 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Түркияда сот Стамбулдун мэри Экрем Имамоглуну камакка алууга санкция берди.
Түрк маалымат каражаттарынын билдиришинче, Экрем Имамоглуну ишемби күнү беш сааттай суракка алышкан. Жума күнү ушундай эле сурак төрт саатка созулган. Мэр тыюу салынган Күрд жумушчу партиясын колдогонун жана коррупцияга байланыштуу айыптын баарын четке каккан. Мындан кийин сот болуп, прокуратура аны жана ондогон шектүүнү камакка алууну суранган. | |||
| Азаттык: Кечки радио эфир | 22.03.2025 | Британия Орусиянын 30 млрд евролук активдерин камакка алды | 22 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Улуу Британия союздаш өлкөлөрү менен биргелешип, Орусияга Украинадагы согушун баштагандан берки эң катаал санкция киргизди. Бул тууралуу 21-мартта британ Каржы министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, жалпысынан 25 млрд фунт стерлингден (дээрлик 30 млрд евро) ашуун орусиялык активдер камакка алынды. | |||
| Кечки радио эфир | 21.03.2025 | Эл аралык миграция уюму: 2024-жылы мигранттардын өлүмү көп катталды | 21 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Эл аралык миграция уюмунун (IOM) жаңы баяндамасына ылайык, 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча 8 938 мигрант каза болду. Бул каттоо жүргүзүлө баштагандан берки эң жогорку көрсөткүч. 2023-жылы 8 747 мигранттын өлүмү катталган.
“Дүйнө жүзү боюнча мигранттардын өлүмүнүн көбөйүшү кабыл алынгыс жана алдын алууга мүмкүн. Ар бир сан – бул адамдын тагдыры, анын жоголушу үй-бүлөлөр үчүн чоң трагедия”, – деди уюмдун жогорку даражалуу өкүлү Угочи Дэниэлс. | |||
| Кечки радио эфир | 20.03.2025 | Түркияда миңдеген киши Стамбул мэринин кармалышына каршы акцияга чыкты | 20 Mar 2025 | 00:30:00 | |
| Кечки радио эфир | 19.03.2025 | Путин менен Трамп эмнени макулдашты? | 19 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Орусиянын президенти Владимир Путин 18-мартта Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө ок атышууну толук токтотууга жетишүү кадамы катары Украинанын энергетикалык секторуна жана инфраструктурасына сокку урууну 30 күнгө токтотууга макул болду. | |||
| Кечки радио эфир | 18.03.2025 | "Азатлык": Ашхабадда турмушка чыга элек аялзаты сары жоолук салынууга милдеттүү болду | 18 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Ашхабадда күйөөгө чыга элек аялдарды сары жоолук салынып жүрүүгө милдеттендиришти. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн редакциясы «Азатлык» радиосу жазды. Маалыматка караганда, аял-кызматкерлерге ошондой тартип киргизген иш берүүчүлөр «үстү жактан» түшкөн көрсөтмөгө шилтеме кылганы менен кимден экенин тактаган жок. | |||
| Азаттык: Кечки радио эфир | 17.03.2025 | Эки наристеге кайрымдуулук, парламентте көтөрүлгөн маселе | 17 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Кыргызстанда омуртка булчуң атрофиясы менен 28 бала ооруйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 17-марттагы жыйынында “Кыргызфармация” ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Наргиза Тохтасинова билдирди.
| |||
| Кечки радио эфир | 16.03.2025 | Украинадагы согушта мерт болгон 98 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталды | 16 Mar 2025 | 00:29:59 | |
Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 97 994 орусиялык жаран мерт болду. Мындай маалыматты Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы ачык булактарга таянып чогуу аныктап чыкты.
Иликтөөнүн авторлору учурда алардын колунда такталып жаткан дагы 10 миңдей билдирүү бар экенин маалымдашты. | |||
| Кечки радио эфир | 15.03.2025 | Зеленский Орусиянын Курск облусундагы аскердик операция аягына чыкканын билдирди | 15 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Украинанын президенти Владимир Зеленский украин армиясынын Орусиянын Курск облусундагы операциясы аягына чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал аталган облустун украин аскерлери ээлеп алган Суджа шаарын Орусиянын армиясы бошоткондон бир күндөн кийин маалымдады.
Украин Куралдуу күчтөрү Орусиянын чек арадагы Курск облусуна чабуулун 2024-жылдын августунда баштаган. Согушка чейин 5 миңдей калкы бар Суджа Орусиянын Украина ээлеп алган аймагындагы эң ири шаар болду. | |||
| Кечки радио эфир | 14.03.2025 | “Коопсуз шаар” ишке берилгенден бери 4 млрд сомдон ашык айып пул түштү | 14 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда “Коопсуз шаар” долбоору ишке берилген 2019-жылдын 4-мартынан 2025-жылдын 1-мартына чейин жол эрежесин бузгандарга 6 млн 649 миң электрондук токтом чыгарылды. Анын ичинен 5 млн 677 миң токтом боюнча 4 млрд 780 млн 191 миң сом өндүрүлгөн. Калгандары боюнча иш жүрүп жатат.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жогорку Кеңештин “Ишеним” фракциясынын 14-марттагы жыйынында айтты. | |||
| Кечки радио эфир | 13.03.2025 | Трамп Москва сунушка көнбөсө Орусияга каршы "кыйратуучу чаралар" көрүлөрүн эскертти | 13 Mar 2025 | 00:30:00 | |
АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Москва Киев менен келишимге барбаса, Америка бийлиги "Орусия үчүн кыйраткыч" аракеттерге барарын эскертти. 12-мартта Киев Украинадагы согушту токтотуу боюнча АКШнын планын колдогондон кийин Трамп Орусияга карата эң катаал билдирүү жасады. | |||
| Кечки радио эфир | 12.03.2025 | Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке мамлекеттик сапар менен келди | 12 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. “Манас” эл аралык аэропортунда аны Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров тосуп алды. Кыргызстандын президенттик администрациясынын маалыматына караганда, мамлекеттик сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнү талкуулашат. Эки тараптуу документтерге кол коюлат. | |||
| Кечки радио эфир | 11.03.2025 | Сауд Арабиясында Украина-АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды | 11 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Сауд Арабиясынын Жидда шаарында Украина менен АКШ делегацияларынын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Ага Украина президентинин администрациясынын башчысы Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттин кеңсесинин жетекчи орун басары Павел Палиса катышууда.
| |||
| Азаттык: Кечки радио эфир | 10.03.2025 | Кыргызстанда эт күздөн бери 80-120 сомго чейин кымбаттады | 10 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов Кыргызстанда 2024-жылдын күз айынан бери эттин баасы 80-120 сомго чейин кымбаттаганын билдирди. | |||
| Азаттык: Кечки радио эфир | 09.03.2025 | Укук коргоочулар Сирия бийлиги жүздөгөн жай тургундарды өлтүргөнүн билдирди | 09 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Сирия бийлиги жана ага тиешелүү топтор бир нече күндүн ичинде 600дөн ашык жай тургунду, анын ичинде аялдар менен балдарды өлтүргөнүн өлкөдөгү адам укуктарынын абалына көз салган борбор билдирди.
Алардын көпчүлүгү диний азчылыкты түзгөн алавиттерден болгон. Бул тууралуу Associated Press кабарлады. | |||
| Кечки радио эфир | 08.03.2025 | Украина Орусиянын камактагы активдеринин эсебинен 969 млн доллар алганы кабарланды | 08 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Украина Улуу Британиядан Орусиянын камакка алынган активдеринен түшкөн каражаттын эсебинен алгачкы 752 млн фунт же 969 млн доллар каражат алды. Бул тууралуу Украинанын премьер-министр Денис Шмыгал билдирди. Анын айтымында, каражат өлкөнүн коргонуусун бекемдөөгө жумшалат. | |||
| Кечки радио эфир | 07.03.2025 | Орусияда бала сатып алууга шектелип кыргызстандык түгөйлөр кармалды | 07 Mar 2025 | 00:30:01 | |
Москванын четиндеги Щёлково шаарында бала сатып алууга шектелип кармалган төрт кишинин экөө кыргызстандык жубайлар экени кабарланды. Орус полициясынын маалыматына караганда, шектүү катары жубайлар, баланы төрөгөн түркмөнстандык келин жана акушер-гинеколог кармалган. | |||
| Кечки радио эфир | 06.03.2025 | Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча пикирин билдирди | 06 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо келишимдери тууралуу “Кабар” улуттук маалымат агенттигине интервью берди.
6-мартта жарыяланган маекте эки өлкөнүн чек ара маселеси түбөлүк чечилип жатканын айтып, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашууга байланыштуу парламенттеги сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди. | |||
| Кечки радио эфир | 05.03.2025 | Өкмөт Достук айылынын тургундарын көчүрүү боюнча үч вариант сунуштады | 05 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Баткенде 4-мартта Достук айылынын тургундары менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту. Айылдыктарга же толугу менен акчалай кенемте төлөнүп, алар каалаган аймактан үй алып чыгып кете алышат, же Баткен шаар четине план менен айыл кайра курулат, же, каалашса, мурдагы жашаган жерине жакын Кызыл-Бел айылынын четине кайрадан типтүү айыл курулат. | |||
| Кечки радио эфир | 04.03.2025 | Энергетика министрлиги элди электр жарыгын үнөмдөөгө чакырды | 04 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Энергетика министрлиги 20-февралда Токтогул гидроэлектрстанциясындагы (ГЭС) №3 гидроагрегат реконструкцияга берилип, 300 мВт кубаттуулук азайганын кабарлады. 10-мартта Үч-Коргон ГЭСинин да бир гидроагрегаты реконструкцияга берилсе дагы 45 мВт кыскарарын билдирип, элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
Министрликтин маалыматына ылайык, реконструкция иштери аяктагандан кийин Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу дагы 60 МВтка көбөйөт. | |||
| Кечки радио эфир | 03.03.2025 | Кыргызстанда дары-дармек тартышпы? | 03 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Кыргызстанда соңку учурда дары-дармек тартыштыгы байкалып жатканы айтыла баштады. Айрым бейтаптар керектүү дарылар табылбай, табылса да кымбат болуп жатканын билдирүүдө.
Дары-дармекке байланыштуу маселе парламентте дагы бир канча жолу көтөрүлдү. | |||
| Кечки радио эфир | 02.03.2025 | Израил Газага багытталган гуманитардык жүктү кое бербей жатат | 02 Mar 2025 | 00:30:00 | |
Израил Газага багытталган гуманитардык жүктү кое бербей жатат. Ага чейин премьер Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобу убактылуу жарашууну алты жумага узартууга көнбөй койгонун билдирген. | |||
| Кечки радио эфир | 01.03.2025 | Трамп менен Зеленский Ак үйдөгү жолугушуу боюнча журналисттерге комментарий беришти | 01 Mar 2025 | 00:30:00 | |
АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралдын кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ак үйдөгү жолугушуусу жөнүндө журналисттерге комментарий берип, “бул жолугушуу анча ийгиликтүү болгон жок” деди.
“Менимче, ал өз мүмкүнчүлүктөрүн абдан жогору баалап койду”, - деди АКШ президенти.
Трамп Украинанын согуш аракеттерин улантуу умтулуусун колдоону каалабай турганын, анын ордуна “туруктуу тынчтык” орнотууну көздөй турганын кошумчалады.
Украин лидери Зеленский FoxNews телеканалына курган маегинде Трампты да, Америка элин да урматтай турганын билдирди. Ал мындай “ачык сүйлөшүү” мурдараак өтсө болмок экенин, анда “эки тараптып бири-биринин позициясын жакшыраак түшүнүүгө шарт түзүлмөктүгүн” айтты.
Зеленский Fox News телеканалына маегинде Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен мамиле жөнгө салынарына ишенерин билдирди. | |||
| Кечки радио эфир | 28.02.2025 | Пакистанда медреседеги жарылуудан алты киши каза тапты | 28 Feb 2025 | 00:30:00 | |
Пакистандын түндүк-чыгышында медреседе жума күнкү намаз маалында бомба жарылганда алты киши каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. Ал жер ооган талибдерин машыктыруу аянтчасы катары белгилүү.
Жарадар болгон бир нече кишинин арасында медресенин жетекчиси, “Талибан” кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири Маулана Сами уль-Хактын уулу Маулана Хамид уль-Хак бар деп маалымдалды.
Регионалдык полициянын өкүлү Нажибур Рахмандын айтымында, анын абалы оор.
Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. | |||
| Кечки радио эфир | 27.02.2025 | АКШ менен Орусия элчиликтердин ишин калыбына келтирүүнү сүйлөшүүдө | 27 Feb 2025 | 00:30:00 | |
Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык жүрүштөр уланууда. 27-февралда Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо жолугары күтүлүүдө. Ушул эле күнү Түркиянын Стамбул шаарында АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат. | |||
| Кечки радио эфир | 26.02.2025 | Украина менен АКШ кен байлыктар келишими боюнча мунаса тапканы кабарланды | 26 Feb 2025 | 00:30:00 | |
Бир нече маалымат каражаттары булактарга таянып, АКШ жана Украина кен байлыктар боюнча мунаса табышканын жазышты. Президент Дональд Трамп бир нече күн мурун Киевге берилген жардамдын ордун толтуруу максатында ошондой келишимге кол коюуну сунуш кылган. Бирок укриан лидери Владимир Зеленский баштапкы долбоорду четке какканы ортодогу мамилелер кескин начарлап кеткен. Украинанын Экономика министрлиги сейрек кездешүүчү металлдар боюнча сүйлөшүүлөрдүн кайсы баскычка жеткени тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Ал маалда Украина жана Орусия бири-биринин аймактары аткыланганын билиришүүдө.
| |||
© My Podcast Data · Independent project · Data from Apple & Spotify